Жарыяланган
2024-02-08, 11:25Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан бери Кыргызстандын аймагына 70 миңден ашуун этникалык кыргыздар көчүрүлгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Көчүрүлгөндөрдүн жалпы санынан 65 миң адам Кыргызстандын жарандыгын алышкан.
Быйыл алты айда Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Орусия, Түркия, Ооганстан жана башка өлкөлөрдөн келген 518 этникалык кыргыздар кайрылман макамын алышты.
Кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздар жөлөкпулдарды жана пенсияларды алууга, саламаттыкты сактоого, билим берүүгө, ишке орноштурууга көмөктөшүүгө укуктуу, ошондой эле Кыргызстандын жарандары менен бирдей негизде Жер кодексине ылайык айыл чарба жерлерин кыска мөөнөттүү пайдаланууга ала алышат.