Жарыяланган
2020-27-11, 04:30
iPad жана MacBook биринчи жолу Кытайдан тышкары өндүрүлө баштайт. Apple өндүрүштүн бир бөлүгүн Вьетнамга которот, деп жазды "Reuters" агенттиги.
[жаңылыктар 29907]
Басылма белгилегендей, мындай чечимге Кытай менен АКШнын ортосундагы чыңалган мамилелер себеп болгон. Вьетнамдан тышкары, компания Мексикада жана Индияда ишканаларды уюштурууда.
Компания Индияда акыркы iPhone өндүрүшүн өнүктүрүүгө 1 миллиард доллар сарптай турганы маалым болду.