akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2021-28-07, 09:30

    Apple квартал ичинде 21,7 млрд доллар киреше тапты

    Ушул жылдын акыркы чейрегинде Apple 21,7 миллиард доллар киреше тапты деп жазды The Wall Street Journal.

    Отчеттук мезгил ичинде компаниянын жалпы кирешеси 81,4 миллиард долларды түзгөн. Өткөн жылдын ушул мезгилинде Apple компаниясынын кирешеси 73,33 миллиард доллар болчу.

    Инвесторлор мындай ийгиликке iPhone 12 линейкасы жана анын 5G уюлдук байланышы себеп болгонун айтышууда.