Жарыяланган
2022-02-03, 07:00Ушул жылдын 10-апрелинде үч шаардык жана 13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Үгүт өнөктүгүнө 13 саясий партия катышууда. Добуш берүү Кара-Балта, Таш-Көмүр жана Токтогул шаарларында өтөт.
Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо – 11-мартка чейин, андан кийин үгүт иштери башталат.
БШК 13 айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 10-мартта саат 24:00гө чейин аяктарын эскертет.
Айылдык кеңештерге шайлоонун маанилүү өзгөчөлүгү болуп ар бир шайлоо округу боюнча 30 пайыздан кем эмес мандаттын аялдар үчүн сакталышы саналат.