Жарыяланган
2023-29-03, 03:34“Ашар Капиталдын” акционерлери 24-марттагы жалпы жылдык чогулушунда 2022-жылы алынган пайданын 25,08% дивиденддерди төлөөгө бөлүүнү чечишти.
Бул бир акцияга 67 сомдон эсептегенде 13,4 миң сомду түзөт.
"Түшкөн пайданын 40 миң 39 сому же 74,92%ы ишкананын карамагында калтырылсын", - дейт ишкана.
Дивиденддерди төлөөнүн башталышы 1-майга белгиленген. 24-февралга карата күчүндө турган акционерлер акциянын сыйлыгын талап кыла алышат.
"Ашар Капитал" кыймылсыз мүлктү сатып алуу жана сатуу боюнча адистешкенин кошумчалайбыз.