Жарыяланган
2024-06-08, 06:00Транспорт прокуратурасы тарабынан Кыргызcтанга самолет ташып келүүнү каттоодо бажы төлөмдөрүнүн аз түшүү фактысы аныкталды. 2024-жылы авиакомпаниялардын бирине таандык Airbus учагы Кыргызстандын аба кемелеринин реестрине катталып, улуттук статусун алган.
Авиакомпания учактын чыныгы ээси болуп саналганына жана аны өлкөгө белгисиз мөөнөткө алып келгенине карабастан, тиешелүү бажы процедурасынан өткн эмес. Формалдуу ижара келишимин берүү менен авиакомпания убактылуу импорттук жол-жоболоштурууга ээ болгон, анын натыйжасында бажы төлөмдөрү түшпөй калган.
Транспорт прокуратурасы тарабынан киргизилген прокурордук чара көрүүнүн натыйжасында 13 миллион 998 миң 279 сом мамлекеттик бюджетке кайтарылган.