Жарыяланган
2021-15-07, 03:30Азербайжан Кыргызстанга 40 миң доза AstraZeneca вакцинасы менен гуманитардык жардам көрсөтүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Учурда вакцинаны ташуу үчүн бардык шарттарды жана талаптарды камсыз кылуу менен логистикалык маселелер каралып жатат.