Жарыяланган
2021-26-03, 06:30Талас районунун акимдерине 40 миң литр күйүүчү май алуу үчүн сертификат жана талондор берилди. Жазгы талаа иштерин жүргүзүү үчүн фермерлерге «Бакубат Талас» Фонду колдоо көрсөттү.
[news 33511]
Белгиленгендей, облустун 800дөй аз камсыз болгон үй-бүлөлөрү 50 литрден күйүүчү май менен камсыз болушат.
Фонд «Алтын Альянс» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү тарабынан түптөлгөн жана Талас облусундагы социалдык көйгөйлөрдү чечүү боюнча иштерди алып барат. 2016-жылдан тарта фонд 341 долбоорду ишке ашырды.
Бул убакыт аралыгында «Алтын Альянс» фондду 600 млн сомго жакын каржылаган. Анын ичинен 220 млн сом социалдык долбоорлорго, 380 млн сом - региондогу ишкерлерди жана фермерлерди колдоо үчүн жумшалган.