Жарыяланган
2024-12-02, 05:17Баткенде жеке ишкер ачкан “Сүлүктү-Бакай” кап чыгарган ишканасында 75 киши жумуш орду менен камсыз болду. Бул тууралуу “Reporter.kg” президенттин облустагы өкүлчүлүгүнө таянып жазды.
Сүлүктүдөгү ишкана 2023-жылы сентябрь айында иштей баштаган. Аны ачууга жалпы 45 млн сом сарпталган. Анын ичинен 34 млн сомду жеке ишке Каныбек Исмаилов өз чөнтөгүнөн чыгарып, кошумча Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан 11 млн сом алган.
“Учурда ишкана күнүнө 18 миң кап чыгарат. Каптар көмүр, акиташ салуу жана дан эгиндерин сактоо үчүн колдонулууда”, - деп айтылат маалыматта.
Өкмөт башчынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү, өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Баткенге болгон иш сапары учурунда аталган ишкананын иши менен таанышкан.