Жарыяланган
2024-25-07, 04:00"Баткен" бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Баткен облусунун "Кызыл-Кыя" өткөрүү пунктунда Кыргызстандын жараны "А.А." башкаруусундагы "Hyundai Grandeur" маркасындагы унаасын токтотуп, текшерүүгө алышкан. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирген.
Унааны текшерүү учурунда эч кандай товар коштоочу жана бажылык тариздөөнү тастыктаган документтери жок 17 миң 700 доллар өлчөмүндө акча каражаттары табылган.
Аталган иш боюнча чогултулган материалдар Баткен облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.