akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-15-05, 07:30

    Бажыдагы кылмыштар боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды

    Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында “Бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар маселелери боюнча КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, колдоо тапты.  

    Мыйзам долбоору бажы органдарына бул чөйрөдөгү кылмыш иштери боюнча тергөө жүргүзүүгө ыйгарым укуктарды берүү, КРнын Кылмыш-жаза мыйзамдарындагы айрым коллизияларды жана боштуктарды жоюу максатында иштелип чыккан.

    Ошондой эле, мыйзам бажы органдарындагы тергөө функцияларын калыбына келтирүү милдеттерди ыкчам чечүүгө мүмкүндүк берет. Бажы кылмыштарын толук жана ар тараптуу иликтөөнү, ошондой эле зыяндын ордун өз убагында толтурууну камсыз кылат. 

    Мыйзам долбоорун Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген.