akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2023-09-08, 03:55

    ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 10,7%га кыскарды

    Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин иш менен камсыз кылуу кызматтарынын акыркы маалыматына караганда, 2023-жылдын июнь айынын аягында жумушсуздардын саны 916 миң адамды түздү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын сайтында маалымдалды.

    Бул 2022-жылдын ушул эле күнүнө салштырмалуу 10,7% аз.

    Белгиленгендей, учурда жумушсуздуктун деңгээли Биримдик өлкөлөрүнүн жалпы жумушчу күчүнүн 1% түзөт. Өткөн жылы бул көрсөткүч бир аз жогору - 1,1% болчу.

    Ошентип, жумушсуздуктун эң төмөнкү деңгээли Беларуста белгиленип, жумушчу күчүнүн 0,1%ын түздү, бирок эң көп жумушсуздар Арменияда, тактап айтканда 3,4%ды түздү. Кыргызстанда жумушсуздардын саны 2,8%ды түзөт. Жумушсуздардын саны 300 адамга азайгандыгына карабастан, бул эмгек коллективинин жалпы көрсөткүчтөрүнө таасирин тийгизген жок.