Жарыяланган
2024-22-05, 03:31Бүгүн "Жаңы кадам" социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешме өтөт. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага президент Садыр Жапаров, "Социалдык контракт" программасынын мыкты катышуучулары, ошондой эле өз демилгеси менен өз жамааттарын өнүктүрүүгө инвестиция салган жарандар чогулат.
"Социалдык контракт" программасы муктаж үй-бүлөлөргө колдоо механизми катары президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашырылууда.