Жарыяланган
2023-21-02, 10:11Быйыл атайын техникаларды сатып алууга 2,5 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча өткөн жыйында айтты. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, өкмөт башчы Нарын шаарындагы саатына 100 жүргүнчүнү кабыл ала турган аэровокзал комплексинин курулушу менен таанышты.
“Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 2023-жылдын II кварталы. Ошондой эле, быйыл “Нарын” аэропортунун аэродромунун элементтерин жаңылоо иштери пландалууда”, - деп айтылат маалыматта.