Жарыяланган
2024-05-08, 06:312024-жылдын Маданият министрлигинин бекитилген бюджети 6 млрд 312 млн 549 миң 300 сомду түзөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев билдирди.
Анын айтымында, такталган бюджет 7 млрд 110 млн 11 миң 500 сомду түзөт. Кассалык чыгашалар 2 млрд 796 млн 869 миң 700 сомду же 39,3%ды түздү.
“Ошондой эле, отчеттук мезгилде Министрлер кабинетинин буйругу менен маданият чөйрөсүн байытуу үчүн республикалык бюджеттен кошумча 373 млн 515 миң сом бөлүндү”, - деди министрдин биринчи орун басары.