Жарыяланган
2020-28-05, 09:30«Мектепке электрондук түрдө катталуу» системасы боюнча балдарды 1-класска кабыл алуу кайра жанданды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
[news 24567]
Билим берүү уюмдары пандемияга байланыштуу жабылганы үчүн порталдын иши убактылуу токтотулган эле. Буга чейин балдарын каттаган гана ата-энелер системага кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, директорлорго билдирмелерге кирүү укугу убактылуу чектелген болчу.
Эми портал мурдагыдай режимде иштеп жатат. Мектептер келип түшкөн документтерди кароого киришти. Билдирмени калтыруу үчүн ата-энелер http://mektep.edu.gov.kg порталына кирип, керектүү документтердин баарын тиркеши керек.
Эске салабыз, 2020-21-окуу жылында балдарды мектепке электрондук каттоо Бишкек шаарынан сырткары Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта жана Токмок шаарларында да жүргүзүлүп жатат. Бул алты шаардан порталга жалпысынан 13 491 билдирме түшкөн.
Электрондук каттоо 1-класска кабыл алууда ачык-айкындуулукту, тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыздайт жана коррупциянын алдын алат.