2023-жылы социалдык чегерүүлөрдү эске алуу менен эмгек акыларга 122,2 млрд сом болүнгөн. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021 - 65,2 млрд сом бөлүнсө, 2022- жылга 95,3 млрд сом бөлүнгөн.
Эмгек акынын орточо өсүшү:
- билим берүү жана илим кызматкерлерине - 180%,
- медициналык кызматкерлерге - 150% чейин,
- маданият, маалымат жана спорт кызматкерлерине - 200% тегерегинде,
- социалдык коргоо кызматкерлери - 200% чейин,
- мамлекеттик жарандык кызматчылардын - 210% чейин,
- муниципалдык кызматчылардын - 253% чейин,
- мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматчылардын - 212%,
- техникалык тейлөөчү персоналдын - 178% чейин,
- кенже тейлөөчү персоналдын - 172% чейин,
- бош жалданган жана жарандык персоналдын - 169% чейин айлык акы көтөрүлгөн.