Жарыяланган
2023-30-05, 08:03Былтыркы жылы Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик 40 эл аралык иш-чара өткөрүп, Европа Биримдигинен 500 миң евро грант алган. Бул тууралуу аталган агенттиктин 2022-жылдагы аткарылган иштер боюнча жыйынында айтылды.
Жыйынга президенттин администрациясынын өкүлдөрү жана киберкоопсуздук тармагындагы көз карандысыз эксперттер катышты.
Белгилеп кетсек, 2023-жылы агенттик жеке маалыматтарды коргоо жаатында мыйзамдарды сактоо боюнча мамлекеттик органдарда IT-аудитин жүргүзүүнү пландоодо.