akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2021-08-04, 07:10

    Бир айда Кыргызстандагы компаниялар банктык эсептеринен 522 млн сом чыгарышкан

    2021-жылдын февраль айында Кыргызстандагы компаниялар банктык эсептеринен дээрлик 522 млн сом акча каражатын чыгарышкан. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. 

    [news 33849]

     

    Эсептешүү эсептеринде каражаттын көлөмү 48.9 млрд сомдон 28.4 млрд сомго чейин төмөндөгөн. Жыл башынан бери юридикалык жактардын салымы 53.3 млрд сомдон 4.9 млрд сомго чейин төмөндөгөн. 

     

    Юридикалык жактардын жалпы депозиттик эсебинин көлөмү февраль айынын аягында 68 млрд сомду түзгөн, январда сумма 68.8 млрд сомго, 2020-жылдын декабрь айында - 72.5 млрд сомго жеткен. 

    Кыргызстандагы ыкчам депозиттердин көлөмү 13.8 млрд сомго жетти.