Жарыяланган
2023-19-10, 03:23Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров эки орун басарга жана башкармалыктын жетекчисине сөгүш жарыялады. Бул тууралуу мэриянын шаардын бюджетинин планынын аткарылышы боюнча өткөн жыйында белгилүү болду.
Жыйында III кварталда салыктык эмес кирешелер боюнча план 34%га аткарылбаганы айтылды.
Буга байланыштуу мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоковго, вице-мэр Нурдан Орунтаевге жана муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын башчысы Талант Рыскулбек уулуна сөгүш жарыяланды.