Жарыяланган
2024-28-06, 08:48Бишкек-Ош жолу унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, катуу жааган жамгырдын кесепетинен жолдун 104-105-чакырымында жолго таштар кулап, сел жүргөн.
Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев абал менен таанышып, аймакты тазалоону жана транспорттун өтүүсүн камсыздоону тапшырды. Учурда жеринде атайын техника иштеп жатат.