Жарыяланган
2024-09-08, 11:46Менчик жеке турак жайларда сууну колдонуу нормасы 5-июлдан тарта киши башына суткасына 350 литр деп бекитилди. Ошондой эле, ичүүчү суу мурун бир адамга айына 54 сом болсо, эми киши башына айына 148 сомду түзөт. Бул тууралуу “Бишкек суу канал” ишканасы билдирди.
Белгиленгендей, буга чейин киши башына сууну коротуу суткасына 35 литрден 310 литрге чейин деп белгиленип келген.
“Бирок тажрыйба көрсөткөндөй, жеке сектордун жашоочулары сууга кошумча муктаждыктардан улам, мисалы, бакчаларын сугаруудан улам белгиленген нормадан ашыра суу коротушат. Жеке үйлөрдүн ээлери суу эсептегичтерди орнотпоону туура көрүшөт”, - деп айтылат маалыматта.