Жарыяланган
2022-16-03, 07:20Социалдык маанидеги азык-түлүккө баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында ири гипермаркеттердин арасында түшүндүрүү иштери жүрүүдө.
Бишкек шаарынын Ленин райондук акимчилигинин кызматкерлери “Дордой Моторс” базарында болуп, эң керектүү азык-түлүктөрдүн баасына мониторинг жүргүздү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери социалдык мааниге ээ болгон азык-түлүк товарларына бааны кармап, райондун калкы үчүн жеткиликтүү болушун камсыздоо зарылдыгын белгиледи.
Бааларды көзөмөлдөө боюнча иш-чаралар улантылат.