Жарыяланган
2023-03-10, 03:277-октябрда Бишкекте Кыргызстандагы системаны жана бизнести талдоо боюнча I эл аралык конференция өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага Кыргызстан, Беларусь, Орусия, Кипр жана Казакстандын бизнес-аналитиктери катышып, тажрыйбалары менен бөлүшөт.
Спикерлер "Газпромнефть – Санариптик чечимдер", "EPAM Systems", "Сбербанк", "Geek Brains", "Escalate", "ЮниКредит Банк", "VEB Technologies" ж.б. сыяктуу компанияларда иштешет.
Белгилеп кетсек, Кыргызстандын бизнес-аналитиктеринин коомчулугу 2022-жылдын жазында түзүлгөн жана анын 400дөн ашуун катышуучусу бар.