akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-02-02, 03:27

    Бишкекте ЖЭБдеги кырсыктан улам ысык суу берүү токтотулду

    Бишкек ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүү токтотулду.  Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

    Белгилеп кетсек, бүгүн саат түнкү 03:00дө ЖЭБде авария болуп, анын кесепетинен жабдуулар иштен чыккан.

    “ЖЭБдин жана жылуулук тармактарынын ишин камсыз кылуу максатында шаар тургундарына ысык суу берүү токтотулду”, - деп айтылат маалыматта.