Жарыяланган
2021-22-03, 10:30Бишкек мэриясы эки бала-бакчанын курулуш иштерин баштады. Долбоор 99 млн сомго бааланды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
[news 31710]
«Келечек» жаңы конушундагы жалпы аянтчасы 1.4 миң квадрат метр жерди түзгөн бала-бакча 100 балага ылайыкташкан. Курулуш иштеринин баасы 39.4 млн сомду түзөт, каражаттар шаардык бюджеттен бөлүнөт.
Ошол эле учурда «Арча-Бешик» жаңы конушунда 180 орундуу бала-бакчанун курулушу уланууда. Жаңы эки кабаттуу бала бакчанын жалпы аянты 2 миң квадрат метрди түзөт. Курулуш иштерине 59.4 млн сом жумшалат.