akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2022-09-12, 05:40

    ЕӨБ долбоорлорунун дээрлик 52% улуттук валютада каржыланат

    Евразия өнүктүрүү банкынын долбоорлорунун 52%га жакыны өнүктүрүү банкына мүчө өлкөлөрдүн улуттук валютасында каржыланат. Бул тууралуу аталган банктын 2022-жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгаруу учурунда ЕӨБ башкармалыгынын төрагасы Николай Подгузов билдирди.

    Ал каржылоонун негизги бөлүгү рубль жана теңгеде жүргүзүлүп жатканын, бирок кыргыз сому, армян драмы ж.б. долбоорлор бар экендигин билдирди.

    Белгилей кетсек, 2022-жылы ЕӨБ катышуучу өлкөлөрдүн долбоорлорун ишке ашырууга 2,5 миллиард доллар бөлгөн. Банктын жалпы инвестициялык портфели 5,2 миллиард долларга жеткен.