akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2023-06-09, 06:40

    Акча которуулар Бишкек менен Нарында эң көп кыскарды

    Жылдын экинчи кварталында Кыргызстанга акча которуулар 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 49%га кыскарды. Алсак, республика 81,8 миллиард сомдун ордуна 41,7 миллиард сом алды.

    Кыргызстанга акча которуулардын кыскарышы өлкөнүн бардык аймактарында байкалды, бирок азаюу пропорционалдуу болгон жок. Алсак, Бишкек (-59,8%), Нарын (-49,5%) жана Талас (-47,5%) облустары пайыздык мааниде эң көп жоготкон.

    Ал эми Кыргызстандан жеке жактардан акчанын агылып чыгышына келсек, Нарындан башка бардык аймактарда да төмөндөө байкалып, ал 4,3%га өсүп, 36,6 млн сомду түздү.

    Мында тез которуу системалары аркылуу акчанын агылып чыгышынын эң көп кыскарышы Баткен (-72,8%), Жалал-Абад (-72,3%) жана Ош (-64,8%) облустарында байкалган. Жалпы агылып чыгуу 57,1%га азайып, 11 млрд 823,2 млн сомду түздү.