Жарыяланган
2021-29-01, 07:002020-жылы мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысына 61 млрд 880 млн сом же мамбюджеттин (147.4 млрд) жалпы чыгашасынын 41.9% жумшалган. Бул тууралуу финансы министрлиги маалымдады.
[news 28970]
Мекеменин маалыматына ылайык, мамкызматкерлердин башкы эмгек акысына 36.8 млрд сомду, кошумча төлөм жана компенсация үчүн 17,7 млрд сом бөлүнгөн. Социалдык фондко төгүлгөн взностордун көлөмү 7 млрд сомду түзгөн.