Жарыяланган
2022-30-12, 03:44"Чакан ГЭС" ААКнын кезексиз жыйынында долбоордук-сметалык документтерге ылайык 1 млрд 280,3 миң сомго чейин кошумча каржылоо булагын табуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынан билдиришти.
Мындан тышкары, үч лот боюнча тендер жарыяланат: "ГЭСтин имаратын куруу", "ГЭС имаратынын энергетикалык жабдууларын сатып алуу", "110/10кВ Покровка көмөк чордонун реконструкциялоо үчүн жабдууларды сатып алуу".
"Жалпы сумма КНСти эске алганда 1 млрд 539,5 млн сомду түзөт", - деп белгилешти Кыргыз фондулук биржасы.