Жарыяланган
2023-21-02, 04:00Ушул жылдын 17-февралында биринчилик рынокто беш жылдык жүгүртүү мөөнөтү менен мамлекеттик казына облигацияларынын бир бүтүмү түзүлдү. Бул тууралуу Kыргыз фондулук биржасы билдирди.
Бүтүмдүн көлөмү 310 миң сомду түздү. Баалуу кагаздын бир нускасынын баасы мамлекеттик казына облигациясына 66,45 сомду түздү.
Белгиленгендей, баалуу кагаздардын бул түрү менен бүтүм акыркы жолу биржада 2020-жылдын 21-августунда катталган. Анда көлөм 3 миллион 990 миң сомду түзүп, баасы 82,84 сом деп белгиленген.