akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2023-19-10, 04:05

    Чет элдик катышуусу бар компанияларда айлык 70 миң сомго жетет

    Былтыркы жылдын аягында чет элдик инвестиция тартылган ишканаларда иштеген жумушчулардын орточо айлык акысы 45 миң 297 сомду түзгөн. Бул жалпы республика боюнча деңгээлден 1,7 эсе жогору.

    Эң жогорку орточо эмгек акы пайдалуу кендерди казып алуучу ишканаларда жана уюмдарда иштеген жумушчуларда белгиленди. Ал 69,1 миң сомго жетет, эн азы дүң жана чекене соода чөйрөсүндө 45,9 миң сомго чейин. 

    Кошумчалай кетсек, 2022-жылы Кыргызстанда чет элдик инвестициянын катышуусунда 3 миң 516 ишкана иштесе, анын 68%га жакыны чет элдик капиталдын толук катышуусунда болгон.

    Ошол эле учурда, чет өлкөлүк катышуучу ишканалардын көпчүлүгү орусиялык (28,9%) жана кытайлык (16,4%) капиталга ээ.


    Тектеш материалды окуу