Жарыяланган
2024-16-08, 07:40Алты айда Кыргызстандан 883 миң 19 литр минералдык суу экспорттолду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 595,2 миң литрге аз. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Экспорттун төмөндөшү төрт өлкөнүн Кыргызстандан суу сатып алууну токтотконуна байланыштуу. Алар Ирландия, Катар, Түштүк Корея жана Орусия.
Ошол эле учурда Австрия (+7,5 литр), Кытай (+259,2 литр), БАЭ (+23 миң 997 литр), АКШ (+1 миң 258 литр) жана Түркмөнстан (+54,3 литр) Кыргызстандын суусун импорттой баштаган, бирок , Казакстанга, Өзбекстанга жана Россияга сунуштун кыскарышы экспорттун көлөмүнө чоң таасирин тийгизди.