Жарыяланган
2022-23-12, 08:57Аламүдүн районунун прокуратурасы тарабынан Маевка айыл өкмөтүндө бюджеттик мыйзамдардын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалым болгондой, 2018-2021-жылдар аралыгында Маевка айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында 7 млн 620 миң 968 сом бюджеттик каражаттын тартыштыгы аныкталган. Натыйжада мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.