Жарыяланган
2023-27-12, 04:22"Айнур заводу" ААКнын уставдык капиталына директорлор кеңешинин мүчөсүнүн катышуусунун өлчөмү өзгөрдү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын басма сөз кызматы билдирди.
Ошентип, буга чейин компаниянын уставдык капиталында үлүшү жок Марс Носинов дароо 19 миң 736 акцияга (б.а. 38,0856%) ээ болгон.
Белгилеп кетсек, заводдун 300дөн бир аз ашык акционери бар, буга чейин 5%дан ашык акцияга ээлик кылган акционерлер тууралуу маалымат отчеттордо көрсөтүлгөн эмес.