Жарыяланган
2024-22-04, 11:04“Ош электр тармактары” ишканасынын Чоң-Алай РЭТинде күз-кыш мезгилдерине даярдык жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Капиталдык курулуш иштери жасалып, Дароот Кара-Кыя фидеринде эскилиги жеткен жыгач электр мамычалары бетон мамычаларга алмаштырылууда.
“Быйылкы жылга аталган райондо 600дөн ашуун темир бетон мамычалары орнотулат”, - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, 3 кошумча көмөк чордон коюлуп, Жекенди аба чубалгысынан 22 км 10кВтук аба чубалгы Жекенди айылына чейин тартылат, Кашка-Суудан 2 км аба чубалгысы Ачы-Суу айылына чейин тартылат. Дароот Кара-Кыя фидеринен 6 км аба чубалгысы Дароот, Кара-Кыя айылдарында структуралык калкама өткөргүчтөргө (СИП) алмашылат.
Жалпысынан район электр тармагы 3 бөлүмдөн турат жана 4 миң 965 электр энергиясын керектөөчү абонент бар. Чоң-Алай районунда кыш көпкө созулганы менен авариялык өчүүлөр дээрлик катталбайт.