akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-26-07, 05:38

    Чолпон-Атада электрондук коммерция боюнча форум өтүүдө

    Электрондук коммерциянын өнүгүшү менен почта кызматы жанданууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан электрондук коммерция боюнча экинчи эл аралык форумдун ачылышында видеоконференция аркылуу билдирди. 

    Белгиленгендей, аталган иш-чарага электрондук соода тармагындагы эксперттер, ишкерлер, инвесторлор катышууда. 

    “Министрлер кабинети сооданын бул перспективдүү түрүн өнүктүрүү боюнча чараларды көрүп жаткандыгын белгилегим келет. Анын чындап эле перспективалуу экендигин фактылар көрсөтүп турат. “Insider Intelligence” (Инсайдер Интеллидженс) маалыматында, 2025-жылга чейин, дүйнөлүк электрондук соода чекене сатуу 50% га өсүшү мүмкүн, ал 7,3 трлн долларга чейин, жалпы чекене сатуунун 24,5% түзөт. Бул 2021-жылы 4,9 трлн долларга салыштырмалуу жалпы чекене сатуунун 19,6% түзөт. Бул форум Кыргызстандагы электрондук коммерция компаниялары дуушар болгон акыркы тенденцияларды жана көйгөйлөрдү изилдөө жана талкуулоо үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берет”, — деди Акылбек Жапаров.

    Ал ошондой эле өлкөдө санариптештирүү тездетилген темп менен жүрүп жатканын, "жарандар керектүү документтерди өтө кыска убакыттын ичинде алышат же беришет" деп кошумчалады.


    Тектеш материалды окуу