Жарыяланган
2021-11-10, 05:48"Демир Банк" ушул жылдын июль айынан августка чейинки мезгилде банктын уставдык капиталын 1,4 млрд сомго көбөйттү. Бул тууралуу жабык акционердик коомдун финансылык отчетунда айтылды.
Белгилей кетсек, буга чейин банк акыркы жолу 2018-жылдын майынан июнуна чейин уставдык капиталын көбөйткөн. Андан кийин аны 100 миллион сомго көбөйтүп, 600 миллион сомго чейин жеткирген, бул Кыргызстандын Улуттук банкы талап кылган минималдуу сумма.