Жарыяланган
2023-11-01, 09:40Быйыл дүйнөлүк экономиканын өсүшү 1,7%га басаңдайт. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын “Дүйнөлүк экономиканын өнүгүү перспективалары” тууралуу баяндамасында айтылат.
Маалыматка ылайык, алты ай мурун бул көрсөткүч 3%га болжолдонгон. Дүйнөлүк банктын серепчилери экономикалык өнүгүүнүн басаңдашын төмөнкү себептер менен байланыштырууда;
Баяндаманын авторлору инфляциянын күтүлгөндөн жогору болушу, аны кармап туруу үчүн пайыздык чендердин кескин жогорулашы, COVID-19 пандемиясынын кайра жанданышы же геосаясий тирешүүлөрдүн күчөшү сыяктуу ар кандай жагымсыз жагдайлар дүйнөлүк экономикадагы рецессияга алып келиши мүмкүн экенин белгилешет. Бул акыркы 80 жылда биринчи жолу бир эле он жылдын ичинде эки дүйнөлүк рецессия болгондугун билдирет.
Кошумчалай кетсек, өнүккөн экономикалардагы өсүш 2022-жылдагы 2,5%дан 2023-жылы 0,5%га чейин басаңдайт деп болжолдонууда.