Жарыяланган
2024-08-05, 03:00Кара-Суу шаарындагы мектепте жүрүп жаткан оңдоо иштери үчүн Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмү дээрлик 7 млн сомго курулуш материалдарын сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды.
Мектепти оңдоп-түзөө иштерин бүтүрүү үчүн боёк жана курулуш материалдарын: эмаль, кургаткыч май, лак, клей, кол кап, терезелер үчүн айнек жана башка буюмдарды сатып алуу зарыл экендиги айтылат.
Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 13-май.