Жарыяланган
2024-19-06, 03:00Ысык-Көлдөгү “Алтын Балалык” ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борбору жаш эс алуучулары үчүн азык-түлүк сатып алат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, борборго сүт, эт, суюк азыктар жана жашылча-жемиштерди сатып алына тургандыгы айтылат.
Пландаштырылган тендердин суммасы 8,4 млн сомду түзөт. Жеткирүүчүлөрдүн сунуштарынын акыркы мөөнөтү 24-июнга чейин.
Белгилеп кетсек, Эмгек министрлиги бул жайда ден соолукту чыңдоо борборунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн жана жетим балдардан 1 миң бала эс ала турганын билдирген.