akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-06-06, 03:05

    ДНК тест жүргүзүү үчүн атайын жабдуу сатып алынат

    Кыргызстанда ДНК тест жүргүзүү үчүн жабдуу сатылып алынат. Бул тууралуу И. Ахунбаева атындагы медициналык академиянын ректору Индира Кудайбергенова билдирди.

    Анын айтымында, өлкөдө мыкты генетиктер бар, бирок жабдуу жок болгондуктан изилдөө жүргүзүлбөйт.

    “Биздин адистер өтө мыкты, бирок жабдуу жок болгондуктан генетикалык изилдөө жана тест жүргүзбөй жатабыз”, - дейт ал.

    Белгилей кетсек, Кыргызстан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан насыя алып, аны жогорку окуу жайларда билим берүүнүн сапатын жакшыртууга жумшамакчы.