Жарыяланган
2023-15-03, 06:44Улуттук банк 17-мартта 10 жылдык мөөнөттөгү мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрөт. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди.
Пландаштырылган эмиссиянын суммасы 1,5 миллиард сомду түзөт. Купондук ставка — 8%. Купондук төлөмдөр жылына эки жолу – 22-сентябрда жана 22-мартта, сатып алуу күнүнө чейин белгиленет.
Кошумчаласак, 14-мартка карата Кыргызстандын 10 жылдык мамлекеттик облигациялар боюнча милдеттенмелери 27 миллиард 183 миллион 536,4 миң сомго бааланган.