Жарыяланган
2024-07-08, 05:45“Тазалык” ишканасынын жылдык кирешеси 20 млн сомдон 60 млн сомго чейин өстү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев билдирди.
Анын айтымында, ишкана 126 даана тазалоочу техника сатып алды. Алар Кытайдан алынып келинет.
“Жаңы техниканын келиши “Тазалык” ишканасынын ишмердүүлүгүн кыйла жакшыртууга жана өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыгууга мүмкүндүк берет”, - деп билдирди ал.
Эске салсак, Рамиз Алиев буга чейин 2022-жылдын декабрынан 2024-жылдын май айына чейин “Тазалык” ишканасынын директору болгон.