Жарыяланган
2022-06-12, 11:08Жерүй кени иштетилип баштагандан бери Кыргызстандын бюджетине төлөнгөн салыктын көлөмү ушул жылдын 31-октябрына карата 209,1 миллион долларды түздү. Бул тууралуу алтын казуучу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
Кошумчалай кетсек, отчетто 2022-жылдын аягына чейин алтын өндүрүү 30% көбөйөрү айтылат. Ошондой эле, быйыл ишкана 4 тонна баалуу металлды төлөгөн.
Быйыл компания 50дөн ашык техниканы (Hitachi жогорку өндүрүмдүүлүктөгү экскаваторлору, Caterpillar, Volvo 55 жана 25 тонналык самосвалдар) сатып алып, ишке киргизди жана жол техникасынын паркын чыңдады.