Жарыяланган
2020-07-09, 05:00Евразия экономикалык комиссия, мамлекеттик сатып алууларга бирликтеги банк кепилдиктери бирдей болуш үчүн пилоттук долбоорлорду ишке киргизет. Бул тууралуу комиссиянын сайтында маалымдалат.
[news 27764]
ЕЭКтин Кеңеши Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарына жана улуттук банктарына мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү үчүн банк кепилдиктерин бирдей кылууга пилоттук долбоорлорду баштоо сунушун берди.
Бул демилге ушул жылдын апрель айында Россиянын «Мамлекеттик жана муниципалдык муктаждыктарды канааттандыруу үчүн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун келишимдик тутуму жөнүндө» федералдык мыйзамына өзгөртүү киргизилген соң ишке аша баштаган.
Кошумчалай кетсек, мыйзамга өзгөртүү 2019-жылдын август айында киргизилген.