Жарыяланган
2021-26-07, 09:00Эгемендүүлүк күнүн утурлай Ош облусунун аймактарында сегиз мектеп жана төрт бала-бакчанын курулушу даяр болот. Бул тууралуу Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы билдирди.
Ошто 2016-жылдан тарта 20га жакын социалдык объекттердин курулушуна этабы менен мамлекеттен каражат бөлүнүп келет. Быйылкы жылы аймактагы курулуштарга 80 миллион сом бөлүнгөн.
Эгемендүүлүктүн быйылкы 30 жылдыгына карата республика боюнча мектеп, бала-бакча өңдүү 30 обьекттин курулушу бүтөт. Ал эми быйылкы жылы жалпысынан 174 обьект куруу каралган болсо, анын ичинен 91и капиталдык курулушка кирет.