Жарыяланган
2024-26-02, 11:532,5 жылдын ичинде маданият тармагына бөлүнгөн бюджет үч эсеге көбөйүп, 2023-жылы 7,1 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиясында Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.
Ал маданият мекемелеринде – театрларда, китепканаларда, музейлерде санариптештирүү маанилүү орунду ээлеши керектигин белгиледи.