akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2021-11-01, 06:30

    Экономика министрлиги жүк ташууну көзөмөлдөгөн операторлорго сынак жарыялайт

    Экономика министрлиги бажы кызматы жана салык кызматы менен биргеликте навигациялык пломбаларды колдонуу менен жүктөрдү ташууну көзөмөлдөө тутумунун улуттук операторун тандоо боюнча сынак жарыялайт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. 

     

    [news 31486]

     

     

    Талаптарга ылайык, сынакка катышууну каалаган талапкер юридикалык жак болушу керек. Ошондой эле, навигациялык пломбаларды орнотуу жана алып салуу, анын ичинде навигациялык пломбаларды активдештирүү жана өчүрүү, ошондой эле аларды көзөмөлдөө процесстерин камсыз кылуу үчүн чечимдер бар.

    Адан сырткары, сынактын катышуучулары камсыздандыруу жана салык, бажы төлөмдөрү боюнча карыздары болбошу керек. 

    Кошумчалай кетсек, сынакка катышууну каалагандар ушул жылдын 25-январынан тарта 5-февралына чейин арыз тапшыра алат.