Жарыяланган
2021-26-01, 05:45Экс-вице-премьер-министр Аида Исмаилова Финансы полициясына суракка чакырылды.
[news 30745]
Эскерте кетсек, буга чейин Финполдун төрагасы Сыймык Жапыкеев Исмаилова пандемияга даярдык боюнча ишине суракка чакырыларын билдирген.
Козголгон иштин алкагында мурдагы премьер-министрлер Мухаммедкалый Абылгазиев жана Кубатбек Боронов, экс-вице-премьер-министрлер Алтынай Өмүрбекова жана Аида Исмаилова, экс-саламаттык сактоо министрлер Космосбек Чолпонбаев жана Абдикарим Сабиржанов, ошондой эле экс-финансы министри Бактыгүл Жеенбаеванын жоопкерчилиги каралууда.